COVID-19: Бир суткада 19 бейтап каза болду, вирус 494 кишиден табылды

110 Aufrufe
Published
Кыргызстанда 1-августка карата COVID-19 илдетинен бир күн ичинде 19 бейтап кайтыш болду. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин Коомдук саламаттык башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде билдирди.

Анын айтымында, каза болгондордун үчөө Бишкекте, үчөө Ош шаарында, экөө Чүй облусунда, экөө Ош облусунда, бирөө Нарын облусунда, төртөө Ысык-Көлдө, үчөө Жалал-Абад облусунда, дагы бири Баткен аймагында. Пандемиядан көз жумгандардын жалпы саны 1397ге жетти.

Бир сутка ичинде 494 кишиден коронавирус жаңы аныкталды.

Пандемия башталгандан бери коронавирус жугузуп алгандардын жалпы саны 36299 адамды түздү. Бир күн аралыгында республиканын ооруканаларында жаткан 900 бейтап айыгып чыкты. Сакайып чыккандардын жалпы саны Жалпы: 26 426 адам болду.

Кыргызстандын бийлиги 17-июлдан тартып пневмонияны да коронавирус катары таанып, статистикага кошуп эсептей баштаган.
Kategorien
Corona Virus aktuelle Videos
Kommentare deaktiviert.