ТЭЦти жегендер каякка качышат?\NewTV
Beschreibung
Бишкек жылуулук борборундагы авариянын кесепеттери тууралуу коррупциялык иштер ачыкка чыга баштады. Январь айынын соңку мезгилинде болгон окуяга күнөөлүү катары Электр Станциялар жана Улуттук энергохолдинг ишканаларынын жетекчилери эсептелет дейт, Жылуулук борбордун мурунку директору Нурлан Өмүркул уулу биздин каналга берген маегинде. Анткени оңдоп-түзөө иштеринде коррупциялык элементтер бар деген экс-директор ири суммадагы каражат коротулганы менен ошончолук деңгээлде иш жасалбагандыгын ачыктады.
